Унаалар катуу сүзүшкөн. Ошто 13 адам жол кырсыгынан жабыркады
RU

Унаалар катуу сүзүшкөн. Ошто 13 адам жол кырсыгынан жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда катталган жол кырсыгынан 13 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 8 адамдын абалы оор.

Окуя 15-августта Өзгөн шаарында эки орун алды. Анда эки Mercedes-Benz жана Daewoo Labo унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты. 8 жарандын абалы оор, 5 адамдын жаракаты жеңил. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7927