Бирдиктүү форма болбойт. Министрликтин мектеп формасы боюнча так жообу (видео)
RU

Бирдиктүү форма болбойт. Министрликтин мектеп формасы боюнча так жообу (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектеп формасы башкысы классикалык стилде болушу керек. Мугалимдер окуучуларды бирдиктүү форма күйүүгө мажбурлаганга укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

"Устүнө кийчү кофта ак түстө жана классика болушу керек. Шым, юбка жана пиджактар кара, кочкул кызыл, боз же кочкул көк болсо болот. Башкысы классикалык стилде болушу шарт. Айтоор ыңгайлуулугуна жана мүмкүнчүлүккө карап каалаганын тандап алса болот", - деп билдирди Жусупбекова.

Мындан тышкары, бир дагы мектеп жетекчилиги же мугалим окуучуларга окшош форма кийесиңер дегенге анын ичинде кыздардын шым кийүүсүнө тыюу салууга укугу жок экенин, эгерде мажбурлоо болсо чара көрүлөрүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7934