Мектеп окуучуларынын кезектеги мушташы. Эки окуучу бычакталып ооруканага түштү
RU

Мектеп окуучуларынын кезектеги мушташы. Эки окуучу бычакталып ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки окуучу бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media'га облустун ИИБси билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташ Кара-Суу районунун аймагында болгон. Бирок мектептин өзү жолдун аркы бетинде жайгашкан жана Оштун аймагына кирет.

16 жаштагы өспүрүмдөр учурда Ош шаардык клиникалык ооруканада. Чогулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп, иш кайсы ИИБге бериле турганы чечилип жатат. Мушташтын себептери аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/793