Чиновниктер мыйзамсыз кен иштетүүгө уруксат беришкен. Келтирилген зыян 19 млн сомду түздү
RU

Чиновниктер мыйзамсыз кен иштетүүгө уруксат беришкен. Келтирилген зыян 19 млн сомду түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аксы районуна караштуу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин аракетсиздигинин натыйжасында мамлекетке 19 миллион сомдон ашык өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, райондук прокуратура тарабынан Аксы районунун Тегене, Ак-Суу

айылдарынын тургундарынын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол беришкен.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2020-жылдын 24-декабрындагы жана 2021-жылдын 14-январындагы корутундуларына ылайык

белгиленген айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 366 037 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган.

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан аталган фактылар ЖКнин 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-бер. (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/794