Салыштырабыз. Хабиб Нурмагомедов жана Айсулуу Тыныбекованы кантип тосуп алышты
RU

Салыштырабыз. Хабиб Нурмагомедов жана Айсулуу Тыныбекованы кантип тосуп алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-августта Кыргызстанга UFC мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбулла Магомедов келишкен. Уюштуруучулар аларды "Манас" аэропортунан сый-урмат менен тосуп алышты.

Аларды патрулдук милициянын коштоосу менен ресторанга узатып, дасторкон жайышкан. Коноктор "Ала-Арча" резиденциясына жайгаштырылган. Акындар өз өнөрлөрүн тартуулап, орусча да төгүп салышты.

Бир нече күндөн кийин Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында эркин күрөш боюнча алтын тагынган Кыргыз курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга кайтып келди.

Чемпионду милициянын коштоосу жана боорсогу жок эле, жупуну тосуп алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7954