Журналист, экоактивист Канышай Ырысбек кызы Кытай, Нидерландыда окуулардан өтөт
RU

Журналист, экоактивист Канышай Ырысбек кызы Кытай, Нидерландыда окуулардан өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыш мезгилинде Кыргызстандын экологдору Кытайга барып окуп, тажрыйба топтоп келишет. Алардын катарында журналист, экоактивист Канышай Ырысбек кызы да бар.

Буга чейин Ысык-Көлдө жаштардын саммити өтүп, ага Кытайдан жана башка мамалекеттен спикерлер катышкан. Анда бир катар тармак боюнча маселелер талкууланган. Канышай Ырысбек кызы экология маселесин көзөмөлдөгөн.

"Кытай тарап экологдорду, өлкөбүздөгү таштандыны кайра иштетүүчү ишканалардын негиздөөчүлөрүн сурап, бизди окууга (кыска убакыттагы окуу) чакырышты. Ал жактан кайра иштетүүчү заводдор менен таанышып, изилдеп, анын алкагында долбоор жазып, өлкөбүздө завод ачуу пландалып жатат. Негизи Кытайдын таштандыны кайра иштетүү тажрыйбасын колдонсок биз үчүн жакшы болот. Буюрса, кышында Кыргызстан тараптан 3-4 эколог болуп кетебиз. Мамлекет тарабынан колдоо болсо долбоорубуз бир, бир жарым жылда ишке ашып калат деп ишенебиз", - деди ал.

Экоактивист июль айында Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган "Энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна салым кошуу" аттуу журналисттердин эл аралык сынагында 3-орунга ээ болгон.

Жалпысынан сынакка Борбор Азиядан 52 журналист катышкан. Жеңүүчүлөр Нидерландыда климаттын өзгөрүшү жана жашыл энергетика жаатында атайын окуудан өтүшөт. Канышай Ырысбек кызы ноябрь айында ушул багыттагы окууга кетерин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7967