Мектеп директору болом деген талапкерлердин 30% гана тесттен өтө алышты
RU

Мектеп директору болом деген талапкерлердин 30% гана тесттен өтө алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Беш облустан мектеп директорлугуна талапкерлердин 30%ы гана сынактан өтө алышкан.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Ош облусу эң көп бош орунга ээ болгон (244). 359 жаран тест тапшырып, анын 88и босого баллдан өтө алган.

Эң аз бош орундар Талас облусунда (45) катталган. Тестирлөөгө 75 талапкер киргизилип, 24 гана талапкер ийгиликтүү өттү.

Азырынча Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Чүй облустарында тестирлөө болуп өттү. Эми Нарын, Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, 12-июлда президент Садыр Жапаров 5 жылдан ашык иштеген бардык мектеп директорлорун кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул чечимден улам 966 адам кызматынан алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7969