Жаңы кийимдер бар... Бажы кызматында калды. Декларацияланбаган товар
RU

Жаңы кийимдер бар... Бажы кызматында калды. Декларацияланбаган товар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери наркы 10 601 790 сомдук декларацияланбаган товарды кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Белгилүу болгондой, "Баткен" бажысынын кызматкерлери "Кызыл-Бел" өткөрмө пунктунда Пакистандан келе жаткан товарга тыкыр кароо жүргүзгөн учурда бажылык жактан декларацияланбаган аялдардын жана эркектердин кийимдеринин түрлөрүн табышкан.

Кармалган товардын наркы 10 601 790 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/796