Даараткана тазалаткан. Кафе кызматкерлеринин туристтерге кылган мамилеси териштирилет
RU

Даараткана тазалаткан. Кафе кызматкерлеринин туристтерге кылган мамилеси териштирилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтер кафе кызматкерлери тарабынан орой мамилеге кабылышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Жоодар Сайдилкан (Jodar Saidilkhan) өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

"Коноктордун айтуусунда Панфилов паркындагы "Веранда" кафесине бул үй-бүлөнүн 7 баласы суусундук ичкени кириптир. Ошол учурда 7 жаштагы баланын көңүлү айланып, кафенин дааратканасында кусуп жибериптир. Кафенин кызматкерлери топтшуп алып турист балдардын улуусуна даараткананы тазалаткан. Ал аз келгенсип 11 жаштагы кызды "каяша айтасың" деп жаакка чаап жибериптир. Балдардын атасы мейманканадан барса кафенин кызматкерлери милиция чакырып, "эсепти төлөбөй жатат" деп бул үй-бүлөнү милиция бөлүмүнө алып кетиптир. Турист кафенин менеджерине эсепти төлөгөндөн кийин милиция кафе кызматкерлерин коё берип, туристерди кармап отуруптур. Туристтер ошончо кордук көргөнү аз келгенсип, эсептен да алданыптыр. Кафе жетекчилиги 1610 сомдун ордуна калем сап менен тууралап 3610 сом алышыптыр", - деп жазды ал.

Бул окуя боюнча учурда текшерүү башталганын Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

18-августта саат 23:00 чамасында "Веранда" кафесинин администратору "башка улуттун жарандары эсепти төлөбөй жатат" деп маалымат берген. Жерине ыкчам топ барганда кафенин А.Э. аттуу кызматкери арыз жазуудан баш тартып, түшүнүк кат жазды. Ал башка улуттун жарандары кафеге келип ызы-чуу салып, эсепти төлөбөй кетип баратканда милиция кызматына чалганын, бирок милиция келгенде туристтер келтирилген чыгымды толугу менен төлөп беришкенин айтты.

Социалдык тармактын колдонуучусу Жоодар Сайдилкандын маалыматы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, юридикалык баа берилет дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7988