Ленин РИИБсинин жетекчисинин орун басары кайгуул кызматы менен мушташа кетти
RU

Ленин РИИБсинин жетекчисинин орун басары кайгуул кызматы менен мушташа кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ленин районунун ИИБсинин жетекчисинин орун басары Талгат Осконалиев кайгуул кызматындагы милициялар менен мушташа кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, инцидент Бишкекте 21-февралга караган түнү болгон. Машиненин рулунда Осконалиев болчу. Кайгуул кызматкерлери унааны башкарып жаткан айдоочу мас абалында экенин шекшип, токтотушкан.

Кайгуул кызматкерлердин айтымында, алар документтерди көрсөтүүсүн талап кылышканда, Осконалиев баш тарткан. Алардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланган.

Ленин РИИБсинин жетекчисинин орун басары наркологияга жеткирилген, бирок ал жактан да каршылык көрсөтүп, күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан.

Ошого байланыштуу ИИМдин ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Осконалиев алар менен да мушташып, бирөөсүнүн мурдун сындырган.

Азыркы тапта милициянын офицери ооруканада, деген маалымат берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/801