Кубантат! Кичинекей Аруузат Ташматова дүйнөдөгү эң кымбат дарыны алды
RU

Кубантат! Кичинекей Аруузат Ташматова дүйнөдөгү эң кымбат дарыны алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркаган Аруузат Ташматова дүйнөдөгү эң кымбат уколду алды. Бул туурасында кыздын ата-энеси кабарлады.

"Дагы деле ишенбей турабыз, колдорубуз титиреп жатат. Акыры ушул кадырлуу күнгө жеткенибиз үчүн Жаратканга миң мертебе ыраазыбыз! Биз менен бирге болгон ыктыярчыларга чексиз ыраазыбыз! Кызыбыздын өмүрүн сактап калганыңыздар үчүн бардыгыыздарга ыраазыбыз. Азыр оюбузду айтып жеткирүү кыйын, кийинчерээк акырындык менен баарын айтабыз", - дешет алар.

Аруузат азырынча ооруканада болорун ата-энеси айтышты. "Терс таасирлери болушу мүмкүн, бирок оорунун өнүгүшү токтоп калганына салыштырмалуу, бул эч нерсе эмес" дешти алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8028