Бирөө ок аткан. Жалал-Абадда футбол ойногон балдар мушташа кетишти (видео)
RU

Бирөө ок аткан. Жалал-Абадда футбол ойногон балдар мушташа кетишти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда топтошуп алып урушкан балдардын видеосу социалдык тармакка жарыяланды. Анда видеонун алдына "атышуу, кыйкырык жана жигиттердин тобу" деп жазылган.

Жалал-Абад ОИИБден окуя 21-августта болгонун, мушташка катыштыгы бар 10 бала кармалганын Kaktus.kg`ге кабарлашты.

Маалым болгондой, түнкү саат 03:30 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Көк-Арт кичи шаарчасынын Азимов көчөсүндө балдар топтолуп алып мушташып жатышканы кабарланган. Жерине ыкчам топ барганда эч ким болгон эмес. Маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда эки тарап алгач кичи футбол ойногондон кийин спирт ичимдигин ичишкени такталды. Анда Алинур менен Эмир аттуу балдар (18 жана 19 жашта) өз ара пикир келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Балдардын бир тобу качып, экинчи тобу кууп баратканда асманга бирөө тапанчадан ок чыгаргандыгы белгилүү болду. Бактыга жараша ок атуудан эч ким жабыркаган эмес.

Учурда тапанча көтөргөн жарандын аты-жөнү такталып, аны тергөөгө камсыздоо жана окуяга юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8032