Саламаттыкты сактоо министринин милдетин эми Гүлнара Баатырова аткарат
RU

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин эми Гүлнара Баатырова аткарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Гүлнара Баатыровага жүктөлдү. Бул туурасында бүгүн, 23-августта президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8033