Майлуу чачтан арылуунун адаттан тыш ыкмасы
RU

Майлуу чачтан арылуунун адаттан тыш ыкмасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

650 миңден ашуун катталуучусу бар блогер Эбби Юнг майлуу чачтан арылууга макияж тазалоочу каражат (мицеллярдык суу) жардам берерин айтты. Ал мындай видеону TikTok аккаунтуна жарыялаганын

Lenta.ru кабарлады.

"Мицеллярдуу суу шампундан караганда жакшыраак тазалайт", - деген Юнг.

Видеодо ал алгач жууганга чейинки чачын көрсөткөн. Анан баштын терисине мицеллярдык сууну сүйкөп, чачтын тамырларына өзгөчө көңүл буруп баарына тегиз жайды. Андан кийин Юнг чачын эки жолу шампунь менен жууган.

Видеонун аягында блоггер жыйынтыгын көрсөтүп чачы аябай таза, жумшак жана жалтырап калганын айткан.

Көп колдонуучулар бул ыкмага таң калышып, айрымдары "кайдагыны айтпачы" десе айрымдары "муну сынап көргүм келет" деп жазышкан.

Ал эми эксперттердин айтымында, баш терисинин кычышуусунан жана кургап кетүүсүнөн арылуу үчүн кургак шампундардан жана какачка каршы атайын каражаттардан баш тартуу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8035