Кыргыз циркиндеги мыйзамсыз иштер. Министр кимге, качан чара көрүлөрүн айтты
RU

Кыргыз циркиндеги мыйзамсыз иштер. Министр кимге, качан чара көрүлөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз мамлекеттик циркиндеги мыйзамсыз иштер боюнча тиешелүү органдар текшерүү иштерин жүргүзө баштады. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып айтты.

Айтымында, буга чейин министрликтин демилгеси менен циркте ички аудит жүргүзүлгөн.

"Ички текшерүүлөрдөн кийин топтолгон материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлүп, учурда каралып жатат. Компетенттүү органдар тарабынан цирктеги маселе боюнча жетекчиликке чара көрүү тууралуу тапшырма берилсе мыйзам чегинде карайбыз. Цирктеги мыйзамсыз иштер боюнча 5 кылмыш иши козголду деген туура эмес, андай материалдар бизде жок", - деди ал.

Ошондой эле министр цирк кызматкерлерин жеке кабыл алганын, аларга өзүнүн позициясын билдиргенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8036