Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү үчүн атайын рейс Ульяновск шаарына учуп кетти
RU

Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү үчүн атайын рейс Ульяновск шаарына учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-августта "Avia Traffic" авиакомпаниясы Ош аэропортунан Россиянын Ульяновск шаарына учуп кетти. Кырсыктан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алынып келинет.

Бул тууралуу Kaktus.media "Манас" эл аралык аэропортунан" тактады.

Каза болгондордун көбү өлкөнүн түштүк облустарынын тургундары болгондуктан учак Оштон учуп чыгып кайра бүгүн Ош аэропортуна кайтып келет.

Эскерте кетсек, 21-августта, Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаанын артында токтоп турган маршрутканы дагы бир оор жүк ташуучу унаа келип сүзүп кеткен. Эки чоң транспорттун ортосунда калган маршрутка талкаланып, 16 адам каза болгон. Алардын он төртү кыргызстандыктар.

Президент Садыр Жапаров кырсыктан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып чыгууну уюштурууну тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмесин жарыялады. Ал эми бүгүн, Кыргызстанда 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8037