Кумтөрдүн жаңы жетекчиси дайындалды
RU

Кумтөрдүн жаңы жетекчиси дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын жаңы жетекчиси болуп ишкананын мурдагы тышкы менеджери Барктабасов Алмаз Батырканович дайындалды.

Kaktus.media сайтына белгилүү болгондой, ал бүгүн командага тааныштырылат.

Башкармалыктын төрагалыгына Болот Идирисов келди.

Тенгиз Бөлтүрүк бир күн мурун, 23-августта шахтада каржылык мыйзам бузуулар аныкталганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тактап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору баада сатылып алынган.

Белгилей кетсек, ал дагы эле "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8051