Оштогу "Курулуш-Тейлөө" асфальт заводунун иши толугу менен токтотулду
RU

Оштогу "Курулуш-Тейлөө" асфальт заводунун иши толугу менен токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунун Топ-Терек айылына жакын жердеги "Курулуш-Тейлөө" асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

23-августта заводдон кара түтүн чыгып, экологияны бузуп жатканына нааразы болгондор видео тартып интернетке жайылтышкан.

Ал жерге Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору барып, "контролдоо-өлчөөчү жабдуулардын мыйзамсыз иштешинен улам" жарым сааттан бери заводдун түтүктөрүнөн кара түтүн чыгып жатканын аныкташкан.

"Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө бул заводду иштетүүгө Жаратылыш ресурстар министрлигинен уруксат кагазы жок экени аныкталган. Заводдун иши толугу менен токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8057