Чекисттерге кызматтык батирлер берилди. Президент эмнеге аларга берилгенин түшүндүрдү
RU

Чекисттерге кызматтык батирлер берилди. Президент эмнеге аларга берилгенин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлер берилди. Үйдүн ачкычтарын Садыр Жапаров тапшырганын президенттик администрациядан кабарлашты.

Өлкө башчы ачкычтарды тапшырып жатып мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзөрүн айтты.

"Кыргызстаныбыздын тынчтыгын камсыздоодо болгон аракетиңиздерди күчөтүп, чекисттик салттарды бекем сактап, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн ар дайым өз салымыңыздарды мындан ары дагы кошосуздар деп терең ишенем!", - деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчы мугалимдер менен медицина кызматкерлерин жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

"Коомчулукта "Эмне үчүн ушул чекисттерге эле квартираны да, кызматтык имаратты да бере берет? Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?" деген сөздөр бар. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек", - деди Садыр Жапаров иш-чарага катышкандарга кайрылып.

Ал ошондой эле мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине мындай көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 долларды түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8059