Россия эки өлкөдөгү аскердик базаларынын дарядыгын күчөткөнү маалымдалды
RU

Россия эки өлкөдөгү аскердик базаларынын дарядыгын күчөткөнү маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларынын, ошондой эле башка кризистик күчтөрдүн даярдыгын жогорулатууну баштады. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жыйынында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин бир катар басылмалар жазышты.

Маалыматтарда аталган өлкө Афганистандагы абалдан улам пайда болушу ыктымал кырдаалдарга чара көрүү максатында аскердик күчтөрүн бекемдеп жатканы айтылат.

"Биз Кыргызстандагы жана Тажикстандагы россиялык аскерий базалардын, ошондой эле мүмкүн болуучу кризистик кырдаалдарга жооп кайтаруучу башка күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуудабыз", - деген Шойгу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8064