Москвадагы мечиттерде автокырсыктан каза тапкан кыргызстандыктарга куран окулат
RU

Москвадагы мечиттерде автокырсыктан каза тапкан кыргызстандыктарга куран окулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Москва шаарындагы бардык мечиттеринде 26-августта жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктарга багышталып куран окулат. Бул туурасында Муфтияттан кабарлашты.

"Каза болгон мекендештерге куран окууну Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Муфтияттын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев сунуштаган. Россиянын Муфтийлер кеңешинин жана Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Равиль Гайнутдин жана Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов тарабынан сунуш жактырылды", - деп айтылат маалыматта.

Куран окуу 26-август күнү жума намаздан кийин Москва шаарындагы бардык мечиттерде башталат.

Эскерте кетсек, 21-августта, Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаанын артында токтоп турган маршрутканы дагы бир оор жүк ташуучу унаа келип сүзүп кеткен. Эки чоң транспорттун ортосунда калган маршрутка талкаланып, 16 адам мерт кеткен. Анын 14ү кыргыз жараны болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8067