Россияда такси айдаган кыргыздарга кол салуу болуп, унаалары талкаланды (видео)
RU

Россияда такси айдаган кыргыздарга кол салуу болуп, унаалары талкаланды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда казак-орус чек ара тилкесине жакын аймакта кыргызстандыктарга кол салуу болуп, унаалары талкаланганы боюнча видео жарыяланган. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Билдирүүдө Казак-Орус мамлекеттик чек арасына жакын Саратов облусундагы "Озинки" автожолундагы өткөрүү пунктунда айдоочулардын ортосунда кирүү тартибин сактабагандыктан чыр чыкканы айтылат.

"Чек арадан өтүп, Москва шаарына багыт алган 3 унааны Ершово калктуу пунктунун аймагынан мурда жаңжалдашып кеткен жергиликтүү таксисттер тосуп алышкан. Алар айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү сабап, унаанын айнектерин сындырып, дөңгөлөктөрүн тешип материалдык зыян келтиришкен".

Бул факты боюнча Россиянын Кылмыш кодексинин "Мүлктү атайылап жок кылуу же талкалоо" деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Алдын ала алынган маалыматка караганда, Кыргыз жарандарынын арасында оор жаракат алгандар жок. Баарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Кырдаал көзөмөлгө алынды", - дешти элчиликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8069