Милициянын кайгуул кызматы жөнөкөй жаранды себепсиз сабады (видео)
RU

Милициянын кайгуул кызматы жөнөкөй жаранды себепсиз сабады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайгуул кызматынын милиционери видео тартып жаткан жөнөкөй жаран Алексей Бадерге кол салды. Алексейдин адвокатынын айтымында, Бишкектин Биринчи май РИИБси арызды кабыл алуудан баш тарткан.

Анын айтымында, бул окуя 2021-жылы 29-январдан 30-январга караган түнү болгон. Бадер достору менен кафеден чыгып, такси чакыртышкан. Такси жол эрежесин бузуп, МККБнин кызматкерлери айдоочуга административдик протокол түзө башташкан. Алексей болуп жаткан окуяны телефонго тартат. Ошол учурда милиционерлердин бири колундагы телефонун жерге чаап, андан кийин бир нече жолу Алексейдин өзүн муштайт.

"Ал арыз жазуу үчүн дароо Бишкектин Биринчи май РИИБсине кайрылат. Бирок ал жактан да ага кысым көрсөтүлүп, эч кимге дооматым жок, бардыгына өзүм күнөөлүүмүн, деген түшүнүк катты жаздырышкан", - дейт адвокат Наталья Давлетбаева.

Адвокаттын айтымында, күч структуралары ишти создуктуруп, азыркыга чейин эч кандай чара көрүшкөн жок.

"Биз Бишкектин прокуратурасына даттануу жазганбыз. Бирок, баягыдай эле үн каткан эч ким жок. Күч структураларынын жетекчилери кандайдыр бир реакция жасап, чечим кабыл алышат, деген ишеничтебиз", - деди Алексейдин адвокаты Давлетбаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/806