Минитсрлик Россияда 16 адамдын өмүрүн алган ири кырсыктын себебин айтты
RU

Минитсрлик Россияда 16 адамдын өмүрүн алган ири кырсыктын себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 21-август күнү Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районунда орун алган жол кырсыгынын себебин айтты. Ал каза болгондордун сөөктөрүн туугандарына өткөрүп жатып мекендештерибиз отурган кичи автобусту сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсык болгонго чейин эле көз жумганын билдирди.

"Кичи автобусту сүзгөн айдоочуга жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча жүк ташуучу унаанын айдочусу кырсык катталганга чейин эле жан берген экен", - деди министр.

Эске салсак, ири жол кырсыгында жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргызстандын жараны экени такталган. Ушул эле кырсыкта дагы 3 жердешибиз жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Каза болгондордун сөөгү 23-августта Ульяновскиден Ошко алынып келип, кичи мекендерине жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8072