"Ызааланам, көз жаш тыйбайм". Сайкал Садыбакасова бир тууган инисин эскерди
RU

"Ызааланам, көз жаш тыйбайм". Сайкал Садыбакасова бир тууган инисин эскерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Сайкал Садыбакасова бир тууганы Эркинди эскерип, аны жоготконуна 2 жыл болгонун айтты. Ал жашоо уланып жатканын, сырттан караган көзгө баары жакшы сезилгени менен жан дүйнөсүндө боштук бар дейт.

"Жараткан берген шыбагасы - ыр дүйнөм бар. Ошол ыр дүйнөм менен алаксып, ошол ыр дүйнөмдөн ырыскымды терип жеп тирүүлүктүн күндөрүндө жүргөнүмө миң шүгүр. Бирок бөксөргөн жан-дүйнөңдөгү кемчилик, бир тууганыңдан ажырап,өмүр бою анын келбестигин моюндап жашоонун өзү - ары азап,ары тозок экен. Он гүлүңдүн бир гүлү ачылбай кеткенин эстегенде сай-сөөгүм сыздайт, жүрөгүм жанчылат, болгон дүйнөм бырчаланат. Ал учурдагы мендеги сезимдерди сөз менен жеткирип берүү кыйын. Куран окуп, бейиште жүрөгүңдү моюндап, аргасыз өзүмдү-өзүм алаксытам да. Апам экөөбүздүн канатыбыз, жашоодогу коргоочубуз, колдоочуубуз жалгыз сени Жараткан бизге ыраа көрбөй, өзүнө алып алганына ушунчалык ызааланам, көз жаш тыйбайм. Канткен күндө да кайтпас сапарга кеткениңди ойлоп, куран багыштап гана тим болом. Аллахым өз ырайымына алсын. А мен апамдын канаты, сырдашы, колдоочусу, коргоочуусу болуп берем деп сөз берем", - деп эскерди.

Эске салсак, 2020-жылы августта Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 18 жашында мезгилсиз дүйнө салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8074