Азамат! Кыргызстандык, көзү азиз спортчу Абдувалиев дүйнө чемпионy болду (видео)
RU

Азамат! Кыргызстандык, көзү азиз спортчу Абдувалиев дүйнө чемпионy болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык азиз спортчу Жалалдин Абдувалиев триатлон боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн баракчасына жарыялады.

18-21-август күндөрү Словакиянын Шаморин шаарында өткөн турнирде Абдувалиев коштоп жүргөн адамы Мырзабек Орумбаев менен бирге жеңишке жетти. Ал 2 км сууда сүзүү, 80 км велосипедде жана 18 км чуркоо боюнча мелдешке катышкан.

Кыргызстандык спортчу аны 5 саат 29 мүнөт 38 секундда басып өткөн. Сүзүү - 55 мүнөт 26 секунд, велосипед - 2 саат 35 мүнөт 37 секунд, чуркоо - 1 саат 46 мүнөт 11 секунд.

PTVI категориясында Абдувалиев 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8077