Бишкекте милициянын подполковниги кармалды
RU

Бишкекте милициянын подполковниги кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды. УКМКдан милициянын подполковниги коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган дешет.

"343-берененин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Жарандардан түшкөн арыздарды кароодо ал коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы такталган", - дешет комитеттен.

Подполковник УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8091