Денесинде көгала болгон. Ош шаарында абакта отурган киши каза болду
RU

Денесинде көгала болгон. Ош шаарында абакта отурган киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка айыпталып отурган 33 жаштагы З.М.С. каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык маркум 24-августта саат 16:30дар чамасында эс-учун жоготкон. Ошол учурда камералаштары тез жардам чакырууну суранышкан. Бирок, дарыгерлер келгенде ал көз жумган абалда болгон.

ЖАМКтын маалыматы боюнча ал 22-август күнү Ош РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-5ке келип, №25 мекеменин карантиндик камерасына киргизилген. Кабыл алууда сынактан өтүп жатып З.М.С. жүрөгү ооруп жатканын айткан. Ошондой эле анын эки бутунун сандарында көкалалар болгон.

"Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөрүлүп, туугандарына берилди. Аталган факт боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8100