Россияда кафеде бир кыргызстандык каза болуп, экинчиси жаракат алды. Элчиликтин маалыматы
RU

Россияда кафеде бир кыргызстандык каза болуп, экинчиси жаракат алды. Элчиликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-августта Россиянын Зеленоградск районунда кафелердин биринде мас абалындагы киши ок чыгарган. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы экөө жаракат алышты. Каза болгон киши 33 жаштагы Химидулло Халдаров кыргыз жараны, жаракат алгандардын бири дагы кыргыз.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен окуя болгон жерге консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери маркумдун атасы, ошондой эле жарадар болгондордун жакындары менен биргеликте бардык жагдайларды тактоо үчүн жөнөп кетишкенин билдиришти.

Тергөөчү менен сүйлөшүү болуп, керектүү процедуралар жүргүзүлүп жатканы маалым болду. Бул иш-чаралар аяктагандан кийин маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси иштелип чыгат.

Ал эми жаракат алган кыргыз жараны Москвадагы клиникалык ооруканага жаткырылган. Консул анын абалынан кабар алды. Дарыгердин айтымында, бейтаптка бардык тиешелүү жардам көрсөтүлдү, абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8106