Аскерлер кабылган жол кырсыгы тергелет. Министр жабыркагандардан кабар алды
RU

Аскерлер кабылган жол кырсыгы тергелет. Министр жабыркагандардан кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жакын жерде унаа жол кырсыгы катталып, курсанттар жаракат алышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жабыркагандардын абалы менен министр таанышып кайтты

"Бейтаптарга медициналык текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүгө зарыл дары-дармектер менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүлөт. Жабыр тарткандар тезирээк калыбына келүү үчүн кошумча күчөтүлгөн тамак берилет. Ооруканага жаткырылган аскер кызматчылары аскер дарыгерлеринин туруктуу көзөмөлүндө. Учурда абалдары канааттандырарлык", - дешет мекемеден.

Корго минитсрлигинен белгилегендей, курсанттар ант берүү аземинен кийин кырсыкка кабылышкан. "Аскердик ант берүү аземи Ата Мекенди коргоочулардын аскердик ритуалдарына өзгөчө маани берүү максатында курсанттардын туугандарын жана жакындарын чакыруу менен жогорку деңгээлде өткөн".

Белгилей кетсек, 27-августта Арашан Кой -Таш жолунда аскердик унаа жол кырсыгына кабылган. Алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң 9 адам Бишкектеги жана Чүйдөгү ооруканаларга жеткирилген. Калгандары Аскер госпиталына жатканы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8108