Дагы эки альпинист каза болду. Бири кыргызстандык, бири чет элдик
RU

Дагы эки альпинист каза болду. Бири кыргызстандык, бири чет элдик

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-августта, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда жайгашкан лагерде эки альпинист көз жумду. Алардын бири кыргызстандык, экинчиси Россия жараны. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

" Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Таш тилкесинде жайгашкан Ленин чокусунда, Россиянын 38 жаштагы жараны Георгий Веселовский жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну, 41 жаштагы белгилүү альпинист Вячеслав Шейко каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Маркумдар тууралуу кабар Чоң-Алай райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Учурда маркумдардын сөөгүн чокудан алып түшүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алдын ала маалымат боюднча алар газга ууланып же тоңуп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8124