Жалгыздыктан тажаган. Тиктокер бир жыл сүйлөшкөн куурчакка үйлөнүүнү пландап жатат (видео)
RU

Жалгыздыктан тажаган. Тиктокер бир жыл сүйлөшкөн куурчакка үйлөнүүнү пландап жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түштүк Американын 49 жаштагы тургуну жалгыздыктан тажагандыктан чүпүрөк куурчак, Наталья менен мамиле куруп жүргөн. Эми ага үйлөнүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Америкалык басылмалар жазып чыкты.

Аны менен бир жылдан бери жашап келет. Тагыраагы жолугушууларды уюштуруп, сейил бакта сейилдеп, жада калса ата-энеси менен тааныштырган. Ата-энеси да адаттагыдай кабыл алышкан. Бул убакыт ичинде Наталья эки бала белек кылууга жетишкен. Алар кишинин апасына окшош.

Бул киши үй-бүлөсү менен түшкөн видеолорду интернетке жүктөп, 17,5 миң жазылуучуну топтой алган. Аны эл тиктокер катары таанып калган. Ал өзүнүн мамилеси тууралуу айтып, Наталья аны жалгыздыктан куткарганын белгилеген.

"Эгерде куурчак ​​болбогондо, мен башкаларга караганда өзүмдү жалгыз сезмекмин. Мендле жок дегенде ушул бар", - деп айткан ал видеолордун биринде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8132