Караколдо 13 миллион сомго даараткана куруу пландалууда
RU

Караколдо 13 миллион сомго даараткана куруу пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 5 даараткананын курулушуна 12 млн 939 миң сом коротуу пландалууда. Тендер 29-августта жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу сайты жарыялады.

Ар бир даараткананын курулушуна 2 млн 587,8 миң сомдон каралган.

Тендер Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан жарыяланган. Арыздар 14-сентябрга чейин кабыл алынат.

Курулчу дааратканалардын даректери:

  • Парковая көчөсү, 10;
  • Алыбаков көчөсүндөгү Тагай бий атындагы парктын аймагында;
  • Тыныстанов жана Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Токтогул көчөсүндө (Асаналиевди кесип өтөт), Кайың паркынын аймагында;
  • Пушкин атындагы сейил бактын аймагында.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8133