Бишкектин четине жүздөгөн кишилер чогулушту (видео)
RU

Бишкектин четине жүздөгөн кишилер чогулушту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Ленин айыл өкмөтүнүн Мыкан айылында жүздөн ашык киши чогулган. Алар айыл чарбачылыкка берилген жерлерди менчик үйлөрдү курууга берүүну талап кылып жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media'га жергиликтүу тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 1-мартта Мыкан айылына караштуу жерлерге белгисиз жарандар келип, жер тилекелрди бөлүштүрө башташкан. Алардын колунда эч кандай документтер жок.

Жергиликтүү жашоочулар бул жерлерди көп жылдан бери колдонуп келишет. Алар ал жака жүгөрү, буудай, чөп эгишет. Бирок бүгүн, белгисиз адамдар келип, бул жерлерге үй сала тургандыгын билдиришкен.

Адамдар чогулган жерге милиция кызматкерлери келип, коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүп жатышат. Жарандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн күтүшүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/813