"Ала-Тоо" аянтындагы концерттен кийин 4 тонна таштанды чыгарылды
RU

"Ала-Тоо" аянтындагы концерттен кийин 4 тонна таштанды чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында орун алган салтанаттан кийин 4 тоннадан ашык таштанды чогулду. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.

Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 даана биодаратканалар орнотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8156