Балдарын биринчи класска алып барган белгилүүлөр. Ким, кандай мектеп тандады?
RU

Балдарын биринчи класска алып барган белгилүүлөр. Ким, кандай мектеп тандады?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда өлкөдө жаңы окуу жылы башталып, мектептерде аземдер өткөрүлүүдө. Быйылкы окуу жылында биринчи класска баргандардын арасында белгилүүлөрдүн да балдар, кыздары бар. Эмесе аларды тизмектейбиз.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын көкүрөк күчүгү Карина быйыл биринчи класстын босогосун аттады. Ал Бишкектеги жеке менчик мектептердин биринде билим алат.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Азамат Болгонбаевдин кызы Мелмил Арашан айылындагы Стрельникова атындагы мектептин окуучусу болду.

Белгилүү режиссёр Сүйүн Откеевдин үчүнчү кызы биринчи класстын окуучусу болуп, жеке менчик мектептин биринде билим алат.

Шоумен, актёр Актан Рыскелдиевдин тун баласы Жантай быйыл мектеп босогосун аттады. Ал менчик мектептердин биринде окуйт.

Ырчы Анжеликанын үчүнчү кызы Айлин алгачкы ирет мектеп босогосун аттады. Айлин борбордогу жеке менчик мектептин окуучусу болду.

Ырчы Айнура Салахидинованын экинчи уулу Бекхан дагы мектеп босогосун аттады. Биринчи класска барган Бекхан акын, тамада Жылдызбек Турсунбековдун кызы менен бир класста окуйт.

Ырчы Айпери Кубик кызынын тун баласы Даян дагы окуучу аталып, билим уясына баш бакты.

Ырчы Каныкей дагы баласын биринчи класска алып барып, толкунданып жаткан учуру.

Ырчы Кубаныч Сатаевдин уулу Айкөл билим алууга кадам таштап, биринчи класстын окуучусу болду. Андан тышкары актёр Кубаныч Курманбековдун тун баласы дагы окуучулук күндөргө кадам салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8158