"Өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн". Ташиевге эң жогорку даражадагы наам ыйгарылды
RU

"Өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн". Ташиевге эң жогорку даражадагы наам ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда президенттик администрациядан кабарлашты.

"Камчыбек Ташиевге мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы тапшырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8160