Акылбек Жапаров депуттаттарга экспорттолгон алтын боюнча жооп берген жок
RU

Акылбек Жапаров депуттаттарга экспорттолгон алтын боюнча жооп берген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, Кыргызстандан 19 тонна алтын чыгарылып кеткени чынбы деп сурады.

Министрлер кабинетинин башчысы өкмөт жылдык отчетун берүү үчүн парламентке келет деп жооп берди.

"Мен өзүм үч чакырылыштын депутаты болгом, ошондуктан куттуктап келдим. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроо берүүгө убакыт көп болот. Биз аларга так жооп берүүгө даярбыз. Кээ бир массалык маалымат каражаттарынын алтын тууралуу маалыматы үчүн өзүбүздү капа кылдырбайбыз. Алтын оюнчук эмес! Бизде миллиграммга чейин маалымат бар", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8162