Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз бодо малдарды алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды
RU

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз бодо малдарды алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандан Кыргызстанга 92 уйду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Чүй облусуна караштуу Кемин районунун аймагында болгон. Ал эми млдардын алдын ала баасы 4 миллион 600 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин бодо мал аткезчилиги кыргыз-өзбек чек арасында да бир канча жолу катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8172