Алма сабагынан алыс түшпөйт. Таланты бала-чакасына өткөн ырчылар
RU

Алма сабагынан алыс түшпөйт. Таланты бала-чакасына өткөн ырчылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчылар Байыш Момунов менен Клара Алибекованын уулу Байэл ырчылыкка аттанды. Ал атасы менен дуэт жаздырып, жакшылыктарга чыга баштады. Байыш Момунов уулуна чоң сахнага чыгышына колунан келген жардамын берерин айтты.

Буга чейин ырчы Өктөм Сапар уулу дагы баласы ырчылыкка аттанганын билдирген. Ал белгилегендей, уулу Канат музыкалык училищаны аяктап, "Сагынамын сени" (Ильяз Абдыразаковдун ыры) аттуу ырды аткарып чыгып, чоң сахнага кадам таштаган.

Мындан улам Kaktus.kg сайты ата-энесинин өнөр жолун улантып баштаган, улантып келе жаткан ырчылардын уул-кыздарын топтотду.

Ырчы Анжеликанын кызы Айыма "Алга" тобунун солисти. Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу бала бакчадан эле башталып, сахнага алып келген. "Кийин ырчы боломбу белгисиз, балким, хобби катары гана калат. Чоңойгондо башка кесипти тандап каламбы, билбейм", - деген ал. Ошондой эле ырчынын экинчи кызы Элима да аталган топтун солисти.

Ырчы Ишен Назаров кызы Адеми менен былтыр дуэт жаздырып, талантын элге тартуулап чыгышкан. 5 жаштагы Адеми тили жакшы чыга электе эле музыкага жакын экенин ата-энеси айткан.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын тун баласы Барсбектин чыгармачылыкка кызыгуусу бар. Ал алгач 7 жашында чоң сахнага Данияр Эрматов менен ырдап чыккан. Былтыр Барсбек Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" ырын аткарып, клип тарттырган.

Жаш ырчылардын бири Кылыч Эдик "Айкөл" тобунун ырчысы, жетекчиси Кеңеш Эдиктин уулу. Кылыч Эдик 2012-жылы атасы каза болгондон кийин анын атын өчүрбөйүн деп ырчылыкка багыт алган. Канат Култаев түптөгөн "Заман" тобуна кастинг аркылуу өтүп, ал жакта 6 айдан ашуун убакыт жүргөн. Учурда жеке ырчы катары ырдап жүрөт.

Бек Исраилов дагы чыгармачыл үй-бүлөдөн тапталып чыккан. Анын атасы Жолдошбек Исраилов - композитор, апасы Гүлмира Рыспаева – акын. Бек Исраилов композитор Аскар Карыбаев менен ырчы Чолпон Алсеитованын кызы Айжаркынга үйлөнгөн.

"Ак куу", "Шок кыз", "Сезим" ырлары менен таанымал болгон ырчы Айпери Кубик кызынын атасы Кубик Калыков экени белгилүү. Кубик Калыков куудул жана ырчы.

Эстрада ырчысы Ильяз Андаш таланттуу адамдардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Атасынын кесиби актёр болгону менен "Бакай" тобун түзүп, айылдан чыккан жаш таланттарды таптап келген. Аталган топ Ысык-Көл облусунун дээрлик жарымына популярдуу болгон. Ал эми Ильяз Андаштын апасы музыкалык мектепте комуздан сабак берет.

Ырчы, обончу Алтымыш Кадыров менен актриса, журналист Рая Нургазиеванын уулдары Талант жана Самат атасынын атынан 2005-жылы 60`К деген топту негиздеген. Топто Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля Примбердиева дагы болгон. Бут тосуулардан кийин топ тарап кеткен. Кийинчерээк Талант Кадыров топтун атын өчүрбөйүн деп кайрадан ырдап чыккан.

Шорпо аты менен атактуу болгон куудул, ырчы Жаныбек Алыкуловдун атын өчүрбөй, жолун улап келаткан эки уулу бар. Алар Алмаз жана Манас Алыкуловдор. Аталаш бир туугандар шоумен катары таанымал. Ал эми Манас Алыкулов ырдап да калган жайы бар.

"Бир элес", "Асыл тумарым", "Вера в любовь" деген ырлары менен таанылган ырчы Абир Касеновго ырчылык өнөр чоң атасынан өткөн. Абир Касенов - Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, комузчу, актёр Орозбек Кутманалиевдин небереси.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы Малика Дина дагы сахнаны тандаган. Малика Дина өзү айткандай, апасынын курсагында жаткан кезинен эле сахнада жүргөн. Ал ар кандай сынактарга катышып, эл оозуна алынган.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Расул Маматкуловдун кызы Айгерим кичине кезинен эле атасын жандап бийлеп, учурда жеке ырчы катары белгилүү. Ал эми уулу Руслан ыр жаздырып, клип тарттырып, учурда тыныгууда. Расул Маматкуловдун көкүрөк күчүгү Аяна дагы атасы менен дуэт жаздырып, шоу-чөйрөгө кадам таштаганы маалым.

Атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып ырдап жүргөн Кубаныч Сатаев - баарына белгилүү болгондой, залкар ырчы Чубак Сатаевдин тун уулу. Ал Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын күйөө баласы.

Кыргыз Эл артисти Шахра Талипованын "кыздарым менин жолумду жолдоп келе жатат" дегени бар. Гүлзат Батырканова ырчылыктан тышкары "Сармерден" көрсөтүүсүндө шайыр жеңенин милдетин аткарып келген. 2015-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Ал эми Кыял Батырканова дагы сахнага апасы, бир тууганы менен ырдап чыккан.

Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин кызы Нурайым ырчы, скрипкачы. Ал эми музыканттын кенжетайы Нурсултан дагы ырчы катары таанымал. Нурсултан Азыкбаев Орусиянын "Жаңы толкун-2016" жаш ырчылар сынагына мекенибиздин атынан катышкан.

Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал дагы апасынын жолун жолдоп, аталган топтун ырчысы болсо, учурда "Кыз-Бурактын" жетекчиси. Сайкал ыр, обон да жазып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8184