Эл артисти Алтынбек Максүтов менен Таалайкан Абазова күйөө балалуу болушту. Сүрөт, видео
RU

Эл артисти Алтынбек Максүтов менен Таалайкан Абазова күйөө балалуу болушту. Сүрөт, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максүтов менен жубайы актриса Таалайкан Абазова күйөө балалуу болушту. Алар борбордогу тойканалардын биринде тун кызы Айжанды турмуш жолуна узатышты.

Кыз узатуу тою этно стилде болуп, коноктордун дээрлик баары кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн кийимдерди кийишип, тойкананын алдына боз үйлөр тигилип, улуттук аспаптардын коштоосунда күүлөр жаңырды. Тойду эл акыны Аалы Туткучев алып барды.

Ошондой эле конокторго кыргыздын улуттук жөрөлгөлөрү, оюндары көрсөтүлдү.

Кызга сеп катары жууркан-төшөктөрдөн тышкары боз үй тартуу кылынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8191