"Министрдин кызынын махабатындагы" Жоробек тасманын уландысына эмнеге тартылбаганын айтты
RU

"Министрдин кызынын махабатындагы" Жоробек тасманын уландысына эмнеге тартылбаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Министрдин кызынын махабаты" тасмасынын 4-бөлүгү жакында элдин назарына коюлат. Тасмага мурдагы актёрдук курам толук тартылган эмес. Тагыраагы, башкы каарман Жоробектин ролун Аскат Эрбаев эмес башка актёр жаратты.

Кинону күтүп жаткан көпчүлүк күйөрмандар "эмнеге Жоробектин ролун Аскат Эрбаев аткарган жок?" деген суроолорун узатып, талкууга алышты. Суроолорго актёр жооп берип, бул чечим режиссёрдуку болгонун белгиледи.

"Мен киного тартылуудан баш тарткан жокмун. Режиссёрдун чечими болду. Так, чыныгы жооп ушул. Ушакка ишенип алып элди дүрбөтүп, жаман көрсөтүүгө аракет кылгандардын сөзүнө көңүл бурбаңыздар", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8205