Эмоцияны кантип башкарса болот
RU

Эмоцияны кантип башкарса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кээ бир убакта ашыкча эмоцияга алдыруу туура ойлонууга тоскоол болуп, туура эмес аракеттерге алып келет. Ошондуктан аны башкара билүү маанилүү. Алдыда бул эмоцияны башкарууну кантип үйрөнсө боло тургандыгы жөнүндө сөз кылабыз.

Эмоцияны башкаруу үчүн эмне кылуу керек?

  • Эмоциянын деңгээлин температураны башкаргандай кылып бир деңгээлде алып жүрүү керек. Эмоция өтө жогорку же өтө төмөнкү деңгээлде болбошу кажет. Бул жакшы да, жаман да эмоцияларга тиешелүү.

  • Абдан эмоцияга берилип, өзүңүздү колго ала албай бара жатканыңызды сезип жатасызбы? Демек, токтоого убакыт келди. Бул убакта бир аз тыныгуу алып, абалды анализдөөгө аракет кылыңыз. Шашылыш чечим чыгарсаңыз, кийинчерээк өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Ал эми тыныгуу маанилүү маселеге токтолуп, туура, эффективдүү чечим кабыл алганга жардам берет.

  • Көп кеңеш берилген терең дем алуу бул учурда да жардам берет. Терең дем алуу мээни кислород менен каныктырып, эс алдырат. Ал үчүн жасап жаткан ишиңизди таштап, көзүңүздү жумуп терең дем алыңыз. Бул нерсени бир гана жолу эмес, бир нече жолу жасаганга аракет кылыңыз.

  • Эмоциялар адамдардан адамдарга оңой эле өтө берет. Ошондуктан бардык нерседен негативди көргөн адамдардан узак болуу сунуш кылынат. Мындай адамдар менен көп жүргөндө өзүңүз да байкабастан анын көз карашына ээ болуу мүмкүнчүлүгүңүз жогору. Бул нерсе өтө эмоционалуу адамдарга да тиешелүү болуп, алар менен көп убакыт өткөрүү сизди да эмоционалдуулукка алып келет.

  • Көйгөйгө карата негативдүү эмоция - эмоцияга тиешелүү көп таркаган көйгөйлөрдүн бири. Өзгөрүлгөн кырдаалга карата кайгыруу – көндүм нерселердин бири. Бирок ага гана токтолуу туура эмес. Көйгөй тууралуу ойлонгондун ордуна аны чечүүнү, андан кийинки кадамдарды ойлонуу керек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8214