Мектеп салгылачы! Бишкектеги гимназиялардын биринде окуучулар батпай калды деген видео
RU

Мектеп салгылачы! Бишкектеги гимназиялардын биринде окуучулар батпай калды деген видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке Бишкектеги №29 гимназиядагы абалды чагылдырган видео жарыяланды. Аны Жылдыз Бекбаева аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жарыялап, бир партада 4 окуучу отурарын жазды.

"Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калышты. Балдарыбызды тар мектептерге тыгып салып кайсы арыбызга тойканаларда жүрөбүз билбейм. Бул видео танапис маалындагы көрүнүш. Окуучулар буттары кайрылып тебелендиде калышыптыр. Класстарда 45-50дөн окуучу, бир партада төрттөн отурушат. Балдар кысылып отуруп кантип жазат, кантип окушат?", - деп жазды ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8221