Ысык-Көлдө эки инспектор мушташа кетип, бири көз жумду
RU

Ысык-Көлдө эки инспектор мушташа кетип, бири көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча салык кызматынын инспекторлору мушташа кетишкен. Анан бирөө экинчисин бычактап салган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Кечээ, 5-сентябрда бычактан жаракат алган инспектор Чолпон-Ата шаарынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бироок, дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.

Изилдөө учурунда маркумдун өздүгү такталып, Ысык-Көл облусу боюнча салык кызматынын инспектору, Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал эми шектүү 1987-жылы туулган анын кесиптеши, Бактуу-Долоноту айылынын тургуну болуп чыкты.

Алдын ала маалымат боюнча алар спирт ичимдиктерин ичип отуруп, уруша кетишкен. Ошол учурда шетүү бычак менен сайып салган. Шектүү Чолпон-Ата ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мушташ Бактуу-Долоноту айылында болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8239