Диджейдин өлүмүнө шектелген жаран камакка алынды. Киши өлтүрүүгө кызганыч негиз болду
RU

Диджейдин өлүмүнө шектелген жаран камакка алынды. Киши өлтүрүүгө кызганыч негиз болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Диджейжи өлтүрдү деп шектелген жаран камакка алынды. Тергөө берген маалыматка ылайык, ал өзүнүн аялын кызганып, диджейди атып салган. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери айтып беришти.

Алардын айтымында, кечээ, 1-мартта, DJ Casper каймана аты менен таанымал болуп келген Дмитрий Саразов диджейинин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Ал Бишкектин тургуну, 1984-жылы туулган Л.В. экени белгилүү болду.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, Л.В өзүнүн аялын DJ Casper'ге кызганып, аны атып салган. Айыпталуучу анын аялы музыкант менен мамилелеш деген ойдо болгон.

Эске салсак, 25-февралда, "Восток-5" кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн подъездинде "Бензин 312" клубунун диджейин өлтүрүп кетишкен. Каза болгон адамдын денесинин жүрөк тарабында октон калган эки жарат бар экени аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/823