Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн кыз: Шектүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн
RU

Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн кыз: Шектүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, учурда үч шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө аяктаганга чейин Ош шаарындагы СИЗО-5 абагында болот.

"Прокуратура айыпталуучуларды эки айга камакка алуу өтүнүчүн келтирди. Тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандырды. Үчөө тең Ош шаарындагы СИЗО-5 абагына киргизилди. Үч шектүү тең өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деди ал.

Эске салсак, 5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. 4-сентябрда кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны алгач зордуктап, кийин кылмышын жашыруу үчүн муунтуп өлтүрүшкөн. Окуяга байланыштуу үч шектүү кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8244