Ош базарында коомдук тартипти бузган 65 жаран кармалды. Видео
RU

Ош базарында коомдук тартипти бузган 65 жаран кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош базарынын айланасында рейд жүргүзүлүп коомдук тартипти бузган 65 жаран кармалды. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандар Ленин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милициянын маалыматы боюнча бул адамдар алкоголдук ичимдиктерди ичип, жарандардын тынчтыгын жана коомдук тартипти бузуп, жолдон өтүп бара жаткандар менен мектеп окуучуларына коркунуч жаратышкан.

Милиция алардын ким экендигин, жашаган так дарегин тактап, мындан аркы чараларды көрөт.

Ошондой эле милиция мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8250