Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду
RU

Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

7-сентябрдагы парламенттин жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8266