Азимбек Бекназаров президенттин айланасындагыларды "пкасстар" деп атады. Видео
RU

Азимбек Бекназаров президенттин айланасындагыларды "пкасстар" деп атады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азимбек Бекназаров бийлик туура багытта иштеп жатат, бирок президенттин айланасындагылар маселе жаратышы мүмкүн деп эсептейт.

Ал белгилегендей, Кумтөр боюнча келишимди бузуу, курултай түзүү жана башка көптөгөн чечкиндүү чечимдер Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган. Бирок анын командасында жеке максаттарын көздөп, байыганга аракет кылгандар бар. Бекназаров мындай адамдарга "пкасс" деген жаңы лакап атты ойлоп тапкан. "Пкасс" деген сөздү Бекназаров профессионал, кошоматчы, алдамчы, саясий сойкулары деп чечмелеп берди.

"Мен азыр аны курчап турган адамдарды "Пкасс" деп атайм. Аттарын атабай эле коёюн, өздөрүн таанып алышат. Азыр Жапаровдун айланасында мурунуку жакын адамдары жок, аларды "пкаастар" четке түртүп чыгарып салып, көмүскөдөгү бийликти ошолор жүргүзүп жатышат. Булар айдоочулардын айдоочулары болуп жүргөн. Бул адамдарды мурда Алмазбек Атамбаев урушуп койсо "Алмазбек Шаршенович, сиздин сөккөнүңүз бизге даары" деп жүрүшкөн. Мындай адамдар жакшылыкка алып барбайт. Жапаров мурункулардын катасын кайталабашы керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8270